Сүрөт: Жеңиш Разаков Даниил Браилкиндин уурдалышынын бетин ачкан милиция кызматкерлерине сыйлык тапшырды

302

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 12 жашар Даниил Браилкиндин уурдалышынын бетин ыкчам ачкан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугуп, өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Жолугушууга ошондой эле Даниилдин өзү жана анын атасы Виталий Браилкин катышты.

«Милиционердин иши – өмүргө жана ден-соолукка коопсуздук туудурган жана коомдогу тартипти жана тынчтыкты сактоого багытталган татаал жумуш. Сиздер ириде жарандардын кызыкчылыгы үчүн эмгектенип жатасыздар. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгегине объективдүү баа берүүнүн өзү – бул жарандардын ишеним көрсөтүүсү. Мындай ишенимди баалап, аны күн сайын чыңдоо зарыл», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ошондой эле вице-премьер-министр 12 жашар Даниил Браилкинге эстеликке белек берип, ага чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Даниилдин атасы Виталий Браилкин милиция кызматкерлерине жана Өкмөткө, ошондой эле алардын үй-бүлөсүн колдоого алып, аталган кылмыштын бетин ачууда көмөк көрсөткөн көңүл кош карабаган жарандарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь