Уран чыгаруучу ишкананын курулушу боюнча тиешелүү комитети түшүндүрмө берди

162

Тоң районунда курула турган уран чыгаруучу ишкана боюнча өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети түшүндүрмө берди. Ал маалыматта, административдик жагынан уран чачылмалары Ысык-Көл областынын Тоӊ районуна жана Нарын областынын Кочкор районуна кирээри жазылган

“UrAsia in Kyrgyzstan” (ЮрАзия в Кыргызстане) ЖЧКна Кызыломпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.
Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти болуп Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.

Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор – 10 миӊ тонна, цирконий – 34 миӊ тонна жана титан-магнетит – 1,6 млн. тонна түзѳт

” Кыргызстандагы ЮрАзия ” ЖКЧсы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 млн сомдон ашык акча каражат сарптайт. Компания Ыссык-Көл областынын Тоң районунун ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт.

2012 жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна 23 милион сомдон ашуун акча каражат которгон, Тон районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн.

Азырку учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши -жергиликтүү эл.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь