Жакынкы 3 саат аралыгында Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. Андыктан министрлик калаа тургундарын сак болуусуна чакырат.