8 күндөн бери изделип жаткан 5 жашар бала табылды

343

Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбек Бектемировдун сөөгү 8 күндөн кийин табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, баланын жансыз денеси бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Чу дарыясынын аймагынан суучулдар тарабынан табылган. Табылган аймак Барсбек түшүп кеткен жерден 12-13 чакырым ылдый экени маалым болду.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 5 жашар бала Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Баланын издөө иштерине жалпысынан 133 куткаруучу жана Казакстан ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Буга чейин Барсбектин кош бойлуу энеси жалпы журтка кайрылып баласын табууга жардам сураган. Кийинчирээк жаш эненин абалы начарлап, Саламаттык сактоо министрлиги адистерди жибергени айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь