Көк бөрү оюну талкууланган форумга кыргыз делегаттары катышкан жок

385

Учурда Казакстандын Алмата шаарында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы уюштурган форум өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан мурдагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев катышууда.

Мааракенин алкагында Улуттук оюндарды Дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдык маселеси боюнча талкуу жүрүүдө. Аталган форумга эксперт катары чакырылган Максат Чакиев учурда көк бөрү оюнундагы тай казандын кызыкчылыгын коргоп жатканын Eldik.Media порталына билдирди. Ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу форумда Кыргызстандын атынан катышкан делегаттар жок экенин айтып өткөн эле:

” Кыргызстандан форумга кимдер чакырылганы тууралу маалыматым жок, кызыккан дагы жокмун. Учурда мен IV дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү тай казан менен ойнолсун деген сунушумду Туркия тарапка билдирдим. Эртең кагаз түрүндө расмий кайрылууну жөнөтөм. Көчмөндөр оюндарынын автору катарында биздин талап эске алынышы керек .”

Чакиевдин айтымында, Дүйнөлүк көк бөрү федерациясы Билал Эрдоганга IV дүйнөлүк көчмөндөр оюну тай казансыз өтсүн деген расмий сунушту киргизип, форумга катышып жаткан дээрлик бардык делегат макул болуп, кол коюп беришти. Жалгыз гана Туркиядан келген өкүл көк бөрү тай-казан менен ойнолсун сунушун колдогон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь