Казакстандын Кордай районунда автобус аласалып, ичиндеги 11 адам каза тапты. Бул боюнча Tengrinews.kz. кабарлайт. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-апрелде, таңкы саат 5:00 чамасында Алматы-Ташкент унаа жолунда катталган. Анда Toyota унаасы токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Автобус аварияга туш болгон жүк ташуучу унаадан буйтайм деп аласалып кеткен.
Жыйынтыгында 8 адам жеринде көз жумуп, 32 жаран ооруканага жеткирилген. Ал жерден алган жараатынан дагы 3 адам мерт кетти.