Кече ,19-апрель күнү Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко дебатка чыгышып, Мамлекеттин акыркы беш жылы, келечеги, көбүнесе бири-биринин жоруктары тууралуу айтышты
Дебаттын жүрүшүндө Порошенко Зеленскийге Путиндин алдына чөгөлөөгө даярмын деген сөзүн эске салды.
Ага жооп катары Зеленский элдин алдына чөгөлөп, тынчтык үчүн барына даяр экенин белгиледи
“Украинанын эли чөгөлөбөшү, Донбасстагы согуш токтошу үчүн орус президентинин алдына чөгөлөгөнгө даяр экенимди айткам”
Ал учурда Порошенко дагы чөгөлөп, артында өлкөнүн желегин көтөрүп турган айымдын колунан өптү.
Белгилей кетсек учурда Украинада президенттик шайлоо кызуу жүрүүдө. Шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, экөө 39 талапкердин ичинен суурулушкан. Экинчи айлампа 21-апрелге белгиленген