Каш карайып барат. Сумкам да оор.
Соңку автобус туруптур. Оор сумкамды көтөрүп пышылдап жүгүрүп келем. Үлгүрө бекем? Үлгүрбөдүм! Аттиң! Колумду канча сербесем да токтобой кетти.(((
Жөө барууга да болоор эле го, бирок сумкам оор. Анын үстүнө бутум менен тик туруп жумуш жасайм деп чарчап калыпмын. Таксиге да акча алып чыкпапмын.
Демимди басып жан-жагыма карадым.
Анандай жерде маршрут туруптур. Жетип бардым. Шопуру эңгезердей чоң кара киши экен.
– Сиз азыр жүрөсүзбү?– дедим пышылдап.
Телефонун чукулап отурган чоң кара неме мага карабаган түрдө башын чайкады.
Анын бейкапарлыгына ачуум келди. Түрү да бир суук экен өзүнүн!

– Ана соңку автобустан калып койдум да! Эми кантсем экен,Кудай ай! Жөө барайын десем сумкам зилдей!
Чоң кара неме телефонун таштап бетиме бажырая карады. Көзү көк, бети былчык, өзү бир ажарсыз жан экен.
– Сизге отуруп алсам жолдон ана автобусту кууп жетебизби деген үмүт да

Мен ыйламсырап ийдим..Чоң кара неме колуна кайра телефонун алды. Жарылган чыканагы да күрөктөй экен өзүнүн.
Не деген боору таш адам,а? Мени аяса кантет? Ыйламсырап турушум мына, а ал болсо мына, бетинде бир эмоция жок! Жек көрүп карап турдум. Ар кыймылы ачуума тийди. Ана, дагы телефонун алып бирөө менен сүйлөштү. Ырсайып коёт! Күлгөнү өзүнө түк жарашпайт!
Бир мезгилде кара неме:

– Отур, карындаш!– дегенде жалт карадым да, сумкамды өкчөңдөй көтөрүп, маршрутуна отуруп алдым. Маршрут ордунан козголду. Ана чоң кара неме дагы деле телефон менен сүйлөшүп келет.

Мен ага карап ойлонуп отурдум. “Неге жалаң жаман жагын көрө бердим?” деп сурадым өзүмдөн. Ичтей ачуумду акылга жеңдирүүгө тырышып отурдум.
“Бала-чакасы бар чыгар, мүмкүн ошолор менен сүйлөшүп отурган болоор?”
“Же ооруканада жакын адамы жата бекен? Себеби, машина айдап келатып телефон менен сүйлөшүүгө болбойт эмеспи?”
Мүмкүн бекерге ачууланып келе жатам, мүмкүн ал ошончолук да жаман адам эмес чыгаар, а?
Мына чоң кара кишинин түрү эми-эми саал жылуу көрүнө баштады.
Маршрут жанагы кетип калган автобусту кууп жетип, жанына токтоду да, мага карап “түшө бер” деп ымдады. Жол акысын бергенимде, башын чайкап албады.
Жанагы автобуска жүгүрүп чыгып алдым да, “Уф, жана кечигип үлгүрбөй калдым эле, зорго кууп жеттим-ау. Антпесе жөө кетет элем” дедим орундукка отуруп жатып.
Автобус шопуру:

“Жанагы сизди алып келген маршруттагы ага мага коңгуроо чалып,
“Мына жерде бир карындаш автобустан калып койду. Сумкасы да оор экен. Убал го, күтө турчу, азыр апарып салайын” деп өтүндү. Отстойго кетип бара жатса да сизди алып келди” деп күлдү.
Мына сага, жанагы чоң кара киши автобус шопуру менен сүйлөшүп отурган экен го….
Сырткы түрүнө карап, ичтей аны абдан шыбаганыма өзүмөн уялдым!
Адамдын сыртынан карап баа бербеңиздер! Жүрөктөгү ыймандуулук менен мээримдүүлүк сырткы бейне менен өлчөнбөйт экен…..

Которгон: Б.Дүйшөбаева

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 24