Биз уранга каршыбыз! Интернетте уранга каршы кол топтоо жүрүп жатат

234

«Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга он лайн түрүндө кол топтоо жүрүп жатат. Учурда 7500 жаран колдоо көрсөттү. Он лайн добуш берүүнүн демилгечиси журналист Алена Хоменко коомдун пикирин өкмөт эске алабы деген үмүттө.

Ысык- Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келет. Буга чейин нааразычылык акциясына дагы чыгышканы маалым.

Тургундардын айтымында уран жашоочулардын ден соолугуна зыян алып келет. Маалыматтарга ылайык, анда 1632 тонна уран бар.

Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт

Бул маселе боюнча өкмөттөн комиссия түзүлгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь