Бишкек-Нарын –Торугарт жолу жабылат

183

Эртең Бишкек-Нарын-Торугарт (эски жол) унаа жолу 103-117-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлгөнүнө жана поезддин жүрүүсүнүн коопсуздугун камсыздоого байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 8ден 22:00гө чейин жолдун 103-117-чакырымында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Жол кыймылын ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алаары маалым болду.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы унаалар айланма жол аркылуу өтүүгө болорун, мындай көрүнүштү түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь