Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумга катышты. Анда ал санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болоорун айтып, бул чөйрөдөгү бардык маселеге кылдат көнүл бурарын белгиледи. Мамлекет башчы сөзүн улай жакында эле мамкаттоо тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалгандыгы боюнча пикирин билдирди.
“ Бул коомдо резонанс жаратты. Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам. Биздин жарандык коом абдан кучтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек.”
Президент мыйзамдуулук баарына бирдей экендигин белгилеп, уук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керектигин айтты.
“ Мен премьер-министр болуп иштеп жатканда Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде да чоң ызы чуу чыккан. Эми азыр паспорт тендери да ызы чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл.”