Пётр Порошенко президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы атаандашы Владимир Зеленскийге телефон чалып, аны жеңиши менен куттуктады. Маалыматтарга ылайык, президенттик шайлоодо Владимир Зеленский жалпы 73,2 добуш алса, ал эми Петро Порошенкого элдин 25,3 пайызы добуш берди.
21-апрелдеги шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салды.
Эске салсак, 31-мартта Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру болуп, мамлекет башчысы болууга 39 талапкер ат салышкан. Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский өткөн