Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусу болду. Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзбек тараптын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.
Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган участокторду сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө түшүнүшүүгө келишти.