Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн начальниги К.А. 32 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
Окуя 17-апрелде болгонун Улуттук коопсуздук комитети бүгүн кабарлады.
К.А. мекемени текшерүүгө алышкан аудиторлорго берем деп, өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлерден акча топтоону талап кылганы айтылууда.
Бул окуя кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине пара талап кылуу беренеси менен катталган.
Текшерүүнүн журүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбасындагы каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар да аныкталган.
Тактап айтканда, 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алууларда жалган документтерди жасоо, баалуу дарактардын көчөттөрүн мыйзамсыз сатуу, ошондой эле жайыттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды кымырып алуу фактылары ачыкка чыгууда.
Учурда кармалган адам үй камагына алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.