Чек арага жакын жайгашкан Баткен жана Ворухтун калктуу пункттарында кайрадан жаңжал чыкты. Мындай маалыматты Баткен чек ара кызматы тастыктады. Окуя кече орун алган.
Баткендик 2-класстын окуучусу Тажикстандык жаранга карата таш ыргыткан. Баланы Ворухтун милициясы кармап кеткен. Жергиликтүү эл чыгып, баланы кайтарып берүүнү талап кылышкан. Жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып ,чогулган эл үйлөрүнө тарап кетишти.
Учурда абал туруктуу.
Эске салсак, 13-март күнү дагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган.