ВИДЕО: Көп кабаттуу үйдүн чатырынан бассейндин суусу чачылды

144

Манила шаарындагы Anchor Skysuites деп аталган көп кабаттуу үйдүн чатырындагы бассейндин суусу жерге чачылды. Бийиктиги 181 метрлик имараттан суунун төгүлүшүнө жердин силкинүүсү себеп болгон.

Мурдараак Пампанга провинциясынын губернатору Лилия Пинеда Филиппиндин борбордук аймагында болгон бул жер титирөөдөн сегиз адам каза болгонун айткан. Алардын бешөө турак үйлөрдүн урандысында калса, үчөөнүн сөөгү талкаланган азык-түлүк дүкөнүнөн табылган.

Дагы бир нече адам дайынсыз болуп жаткандыктан куткаруу иштери уланууда.

АКШнын геологиялык кызматы Манила шаарына жакын жерде күчү 6,3 баллга жеткен жир силкинүү болгонун айтса, жергиликтүү ЖМКлар 6,1 балл болду деп жазууда.

Булак “Спутник”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь