Жемкорлуктан түшкөн каражаттарга мектептер курулмай болду

190

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчаларга жаңы мектептерге курулат. Мындай маалыматты президенти Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы меткептерге барганда билдирди.

Өлкө башчы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттарды Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар куруларын айтып, өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр мамлекетке кайтарылганын айтты.

Ал эми Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы ведомстволор аралык комиссиянын талдоосунун жыйынтыктары боюнча аныкталган Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь