С.Жапаров, Ө.Текебаев жана Д. Чотоновду колдогон митингде “Ата Мекен”партиясынан депутат Каныбек Иманалиев сүйлөп жатканда, анын сөзүн бөлүүгө аракет кылгандар болду. Эл арасынан чыккан бир адам депутатты Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөгүн деген орой сөздөрүнө Каныбек Иманалиев бул чагым салууга аракеттенип жаткандыгын айтты.
“Аны козутушка жол бербегиле, бул Атамбаевдин кишиси экен. Урматтуу милиция бул провокатор экен. Мындайды далайын көргөнбүз.”
Чогулгандар бул тынчтык митинг экенин айтышып, тынчтыкты карманууга чакырышты.