Садыр Жапаровдун соту жылдырылды

76

Садыр Жапаровдун ишин кароо Жогорку Сот тарабынан  30-апрель саат 16.00гө жылдырылды.  Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишенич көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды.

Бүгүн Жогорку сотто экс-депутаттын иши каралып, жактоочу Ш.Токтосунов соттун жүрүшүнө нааразы болуу менен төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес. Ал башталганда эле мыйзам бузуулар болгондугун, процедуралык көзөмөл сакталбагандыгын айтты.

Бүгүнкү соттук отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок.

Белгилей кетсек, учурда “Жапаровго боштондук!” деген ураан алдында анын тарапташтары тынчтык митингин өткөрүүдө.
Бүгүн ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин дагы соту болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь