Уктап калган аткаминерлер боюнча Акрам Мадумаров жооп берди

163

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Оштогу президент катышкан жыйында «уктап калды» деп социалдык тармактарга жайылган сүрөт боюнча комментарий берди.

Мадумаров: «Эми азыр социалдык тармактарда бардык нерсенин тескери тарабын, кемчилигин көргөнгө кызыктар болуп калбадыбы. Мен ал жерде ылдый карап кагазды окуп жаткам. Эми кагазды бет маңдайга коюп окубайсыңда… Аны сүрөткө тартканда уктагандай көрүнгөн окшойт. Муну эми ар ким өзүнүн көз карашы, кабыл алуусуна жараша баалайт. Бирок биз өзүбүздүн алдыбызга коюлган милдеттерди аткарып, иштерди уланта беребиз»-деп билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 22-апрелде Ош шаарында санариптештирүү темасына байланышкан форум өтүп, анда президент Жээнбеков катышып, сөз сүйлөгөн. Форум жалпысынан беш саатка созулган. Жыйындан соң социалдык тармактарда жыйында уктап калган чиновниктердин сүрөттөрү жарыяланган

Булак: “Марал”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь