Чүй облусунун аймагынан 1 килограмм 174 грамм салмактагы марихуана табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун 37 жаштагы К.С. аттуу тургунунун үйүн текшерүү иштерирнин натыйжасында кара куурай жыттанган 1 килограмм 174 грамм салмагындагы майдаланган баңгизат табылган. Ал эми эскпертизанын жыйынтыгы менен табылып алынган баңгизат 174 грамм салмагындагы “марихуана” баңгизаты болуп чыккан.
Бул иш аракет ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен жарандардын ишмердүүлүгүнүн негизинде ишке ашты. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү адамдарга карата тергөө иштери башталды.