Өлгөн адамдын сөөгүн жер семирткич менен жок кылууга уруксат берилди

142

АКШда эки штатта көз жумгандардын сөөгүн тез арада топуракка айландыруучу ыкмага уруксат берилди.

Штаттын парламентинин мүчөлөрү шакар гидролизи же сөөктөрдү табигый органикалык ыкмалар менен жок кылууга шарт түзгөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Көмгөндөн, өрттөгөндөн 2 миң доллар арзан.

Бул процедураны колдогондордон Вашингтон сенатору Джэми Педерсен Independent гезитине берген маегинде бул ыкма сөөкү көмүү же өрттөгө караганда 2 миң долларга арзан экенин айтты.

Аталган ыкманы Сиэтл шаарында жашаган дизайнер жана ишкер Кэтрин Спад 2014-жылы баштаган аракеттери менен таап чыкты. Ал сөөктү жок кылуунун эң жакшы жолун табуу үчүн Вашингтондогу белгилүү илимпоз, топурак илими боюнча профессор Линн Карпентер-Боггс менен иштеген.

Булак “zaman.kg”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь