Ө.Текебаевдин соту 3-майга жылды

312

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши 3-май саат 10:00гө жылдырылды. Соттук отурумдун башталашында прокурор 18 томдук ишти толук карап чыгууга убакыт керектигин айтып, соттук отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Жогорку Соттун судялары прокурордун өтүнүнчүн канаатандырарлык деп тапты.

Сот ачык өттү. Бүгүнкү отурумга Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты катышкан жок.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь