Балдар батпаган бала бакча буга чейин берилген эскертүүлөрдү эске алган эмес

120

Интернетте талкуу жараткан “Шоола” бала бакчасынын жетекчилигине нараазычылыгын билдирип, ата энелер акцияга чыгышты. Алар балдарынын жаткан жерин көзөмөлгө алып, көзөмөл камерасын орнотууну талап кылышты. Митингге келген ата энелердин айтымында: “Биз кече күнү чыккан видеодон бала бакчанын абалын көрдүк, буга чейин билген эмеспиз. Айына 1050 сомдон чогултабыз. Негизи бул бала бакчада 1 бөлмө 35 балага ылайыкталган экен, бирок учурда 95 бала тарбияланат. Балдарды башка бөлмөгө жаткырса болмок да. Биз бакчанын ремонт иштерине акча жактан дагы жардам берели деп дагы жатабыз”

Учурда бала бакчаны тиешелүү комиссия көзөмөлгө алып, иш жүргүзүүдө. Алардын айтымында буга чейин берилген эскертүүлөрдү бакчанын жетекчилиги эске алган эмес.

Ал эми бакчанын жетекчилиги интернетте тараган видео жума күнү тартылганын, ал учурда башка бөлмөлөрдө ремонт иштери жүрүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бала бакча 140 орундуу, ага учурда 320 бала келет.

Эске салсак, кече интернетте бир бөлмөдө батпай жаткан балдардын видеосу талкууну жаратып, министрлик бул маалыматтан кабары жок экенин билдиришкен.

Бала батпаган бала бакчанын бугунку абалы

Опубликовано Eldik.Media Вторник, 23 апреля 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь