Мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун Алматы шаарынын райондук соту күнөөлүү деп таап, 10 жылга кести. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловду 10жылга Чыңгыз Абакировду 8 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, Асылбек уулу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылат.
Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 264 (“Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү”) жана 234-беренеси (“Экономикалык аткезчилик”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операциянын жүргүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан “чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет” деп шек санаган.