Коррупциялашкан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралдыбы?

197

Кыргызстандын Бажы кызматы менен Салык кызматы өтө коррупцияланган мекемелердин башында турат. Алтургай, аларда көмүскө схемалардын көп экени Россияда да айтылууда. Өкмөттө коррупциялашкан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралды беле? Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда ушундай собол салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалыматтык бөлүмү кабарлады.

“Эгерде алардын жоопкерчилиги каралбаса, анда катуу чараларды көрүү керек. Коомчулуктун көзүн будамалоо үчүн эле 2-3 аткаминерди атап койдуӊар окшойт. Алардын аты-жөнүн так атап, кайсы күнөөсү үчүн кандай жоопкерчиликке тартылганы токтомдо толук камтылууга тийиш. Ансыз декларативдүү түрдө гана кабыл алынган документтердин бири болуп кала берет”, – дейт Кенжебек Бокоев.

Депутат Кыргызстандын энергетика тармагында таркан чыгымдарын эске салды. “Биз кардарларды издебей эле, баарын бир монополистке берип койдук. Ошондон улам, Казакстандан арзан күйүүчү майды импорттой албай, ашыкча чыгымга кириптер болуп отурабыз”, – деп кошумчалады ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь