Бүгүн «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунан Кыргызстанга мыйзамсыз кирип келе жаткан Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.
Кытайдын 1975-жылы туулган Д. В. Ч. аттуу жараны Стамбул-Бишкек рейси менен келген, бирок анын Кыргызстанга кирүү визасы жок болгондуктан, чек арадан өтүү өтүнүчүнө уруксат берилген эмес.
Ага карата тиешелүү иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин, ал жаран Кытайга жиберилди.