Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

208

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу башкы прокуратуранын расмий сайтына чыкты.

Октябрь райондук соттун А.А. аттуу судьясына карата сотко чейинки тергөө башталган.
Маалыматка караганда, судья былтыркы жылы административдик иштерди кароодо бир катар мыйзамсыз иштерге жасаган.
Кылмыш иши козголгон сот караган иштеринде бир топ каталар бар экени такталган.
Судьянын ишине байланыштуу чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Бул ишти тергөө үчүн УКМКга берилгени айтылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь