Путин менен Ким Чен Ын эмнени талкуулайт?

223

КЭДР лидери Ким Чен Ын иш сапары менен Орусияга келди. Корея лидерин тосуп алууга кандай даярдыктар көрүлгөндүгүн би-би-си кыргыз кызматы кененирээк жазды.
Ким Чен Ын менен президент Путиндин жолугуша турган жери кечээ гана белгилүү болду. Шаршембиден жума күнгө чейин Орус аралына бара турган суу транспортуна чектөө киргизилген. Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы жолугушуу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөрүн жазды. Окуу жайдын имаратына көздөй кеткен жол жээктерине желектер илинди.

Ким Чен Ын Орусияга зооттолгон поезд менен шаршембинин түнүндө келди. “РИА Новости” агенттиги жазгандай, Ким чек араны кесип өтөрү менен кызыл килем төшөп, нан жана туз менен тосуп алышты. Андан соң 1986-жылы Ким Ир Сендин сапары учурунда курулган Орус-корей достук үйүнө барды. Кимдин зооттолгон поезди ушундан кийин Владивосток багыты менен жүрүп кетти.


Кореялык “Чосун Ильбо” басылмасы дүйшөмбүдө Владивостокко КЭДР лидеринин карындашы Ким Е Чжон учуп келгенин кабарлайт. КЭДР лидери 2017-жылы 30 жаштагы карындашын Корея эмгекчилер партиясынын саясий бюросуна мүчө кылып дайындаган. Ким Е Чжон Борбордук Комитеттин үгүт жана пропаганда бөлүмүнүнүн жетекчисинин орун басары.

Путин менен Ким Чен Ын эмнени талкуулайт?

“Сүйлөшүүлөр 25-апрелде башталат. Алгач лидерлер өз алдынча сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген жолугушуулар өтөт”,-деди орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси жана аймактык кызматташтык талкууланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь