Парламенттин жалпы жыйынында Рыскелди Момбеков адаттагыдай куюлуштуруп сүйлөп, өкмөттү экономикага эмес экологияга көңүлүн бурду. Момбеков Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча “азыр эксперттин пикири эмес элдердин пикири керек,элдин пикири бул эксперттердин бири эмес, экспертизанын пири. Элге каражат эмес адамзат керек. Уранды ачкан өкмөт куранды ачпайбы деп жатат”,- деп убагында уранды иштетүүгө Турдакун Усубалиев каршы чыккандыгын айтты. Эми М.Абылгазиев ага жакшы дей турган болсо, тарых ага каршы чыгат дейт.
Өкмөт башчы уран аччу жерде балалыгы өткөндүгүн айтып, депутаттын оюна кошулду. Бирок “он жылдан бери лицензия алып иштеп жаткан компаниянын дагы тагдыры бар да. Алардын дагы кыргыз мамлекетине доосу бар. Ошолорду комплекстүү чечүү керек”