Сокулуктагы мектептеги окуучулардын ата-энелери митингке чыгышты

223

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты. Алар 4500 бала окуган мектепте ар бир айда көп акча чогултулуп жатканын билдирип, мектеп директорун каражаттарды натыйжасыз пайдаланып жатат деп айыпташууда.

Маалыматтарга караганда, алар буга чейин тиешелүү органдарга кайрылышып, териштирүү жүрүп жатат. Ал эми мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу жумушунан четтетилген.

Ал эми митингке чыккан ата-энелер ай сайын фондко деп чогулган акчалардын кайда жумшалып жатканын жана директорду жумуштан кетүүсүн талап кылышты. Алардын айтымында билим берүү министрлигине жана тиешелүү мекемелерге кайрылышкан. Бирок эч кандай жооп же чара көрүлбөй жатканына нааразы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь