Сүрөт: Кудуктун капкактарын уурдаган жаран кармалды

199

Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу кудуктун 21 темир капкактарын уурдаган адам кармалды. Маалыматка ылайык, темир капкактар 15-апрелге караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 41 жаштагы тургунун кармашкан. Анын үйүндө кудуктун капкактары табылган.

Азыркы бул уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь