Уран кенин иштетүүгө кимдер кол койгондугу айтылды

218

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында уран кени боюнча маселе көтөрдү.Премьер-министр бул боюнча кененирээк маалымат берип өттү.

“ЮрАзия”Кыргызстан компаниясы 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө уруксат алган, 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартылган ага ошол кездеги министр Кайрат Жумалиев кол койгон. Ал эми 2012-жылы лицензияны узартууга геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси Ишимбай Чунуев кол койгон. Изилдөөлөрдүн натыйжасында уран экендиги белгилүү болгондон кийин 2012-жылдан 2015-жылга чейин “уран” лицензияны узартууга Дүйшөнбек Зилалиевдин кол койгондугу айтылды. 2016-жылы дагы узартылып, азыр чалгындоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев “Россиядан бөлүнгөн 30млн.долларын алышкан, ошого кенин берип жатат деген жалган маалыматтар тарап жатат. Бул акча Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен орус тараптын “Экономист полимер” ишканаларынын ортосунда кызматташуу максатында, орус компания Кара-Балта кенине берген” деп белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь