Жогорку Кеңештин депутаты Тариел Жоробеков билим берүү жана илим министрлигинин ишин сынга алды. Премьер-министрге кайрылып министрлик өкмөттүн жүзү болуп тургандыктан, министрдин иштеши татыктуубу деген суроо салды.
Мухаммедкалый Абылгазиев: “Гүлмира Каримовнанын тажрыйбасы бар. Мүчүлүштүктөр болуп жатат, ага баа берилет, териштирели.”
Ал эми министр Гүлмира Кудайбердиева форумдагы жазылган эки ката боюнча министрликтин эки жетекчиси жумуштан алынуу менен жоопко тартылгандыгын айтты.
Учурда Жогорку Кеңеште өкмөттүн толук курамы бир жылдык иштин жыйынтыгы боюнча отчет берип жатат.