Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгүн “канааттандырарлык эмес” деп баалады

281

Жогорку Кеңеште депутаттар эки күндөн бери өкмөттүн бир жылдык иши боюнча отчетун угууда. Айрым депутаттар өкмөттүн ишине ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Эл өкүлү Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн отчетун кабыл албастыгын айтып, канааттандырарлык эмес деген бааны коюш керек дейт.

Ал берген суроолоруна так жооп ала албагандыгын жүйө келтирди. Ички карыздын жыл сайын көбөйүп жаткандыгы, өкмөттүн структурасы өзгөрүлбөгөндүгү боюнча ынанган жок.

Исхак Масалиевдин сөзүн улай парламент төрагасы өкмөттүн мүчөлөрүнө кирип-чыкпай тартипти сактоого чакырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь