Кызыл-Омполдогу техникалар чыгарыла баштады

229

Кече күндөн тарта Кызыл-Омполдогу уран кенинин аймагындагы техникалар чыгарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.
“Уран кени боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Кечээтен бери биздин талабыбыз боюнча тиешелүү техникаларды чыгаруу башталды. Учурда да унаа, тракторлорду чыгаруу иштери жүрүүдө.”

Уран кениндеги ишти жеринен көрүп келүү үчүн вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген Өкмөттүн атайын тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Алар Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, Өкмөткө маалымат берет.

Учурда парламент өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу маалымат угууда. Премьер-министр баштаган өкмөттүн курамы эки күндөн бери депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь