“Маданиятка көңүл буруңуз болбосо мен келишкис оппозицияга айланам”. Дал ушундай билдирүү менен депутат Садык Шер-Нияз парламенттин трибунасынан Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. Ал эгемендикке жеткен жылдардан бери “өлкөдө президентти, парламентти, премьер-министрди шайлоо менен гана алектенип калдык” деп, руханий байлыкка жетишээрлик көңүл бурулбай калгандыгын айтып күйдү.
“Маданият министрлигин жетимдей кылып итке сөөк ыргыткандай мамиле кылып койосуңар. Өсөм деген мамлекет маданияттан башталат”