Элдик дарыгер Хашим Зайналиев Оман өлкөсүнө көчүп кетти. Бул тууралуу журналист Бейшенбек Бекешов фейсбук баракчасына жазды. Белгилүү болгондой, Зайналиевге дарыгерлик кылуу үчүн Оман өлкөсүнүн бийлиги уруксат берген. Журналист бийликтин көрсөткөн кысымдарына чыдабай чыгууга аргасыз болгондугун айтып, өзү менен кошо 10 чакты мүшөккө дары чөптөрдү ала кеткен.
Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келген. Буга байланыштуу табыпка карата кылмыш иши ачылып, бирок анын үстүнөн эч ким арызданбагандыктан кайра токтотулган.
19-февралда Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ага элди дарылоого, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонууга тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон.