Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери боюнча эки күн отчет берди. Жыйынтыгында бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты.
Жалпы 114 депутат катталып, алардын 10Зү макул 1 депутат каршы деп добуш берди. Ал эми Ата-Мекен фракциясынын депутаттарынын бири дагы добуш берген жок.
Абылгазиев башында турган аткаруу бийлиги 2018-жылдын апрель айында иштей баштаган.