Бишкек шаарында “Авангард Билдинг” курулуш ишканасы мыйзамсыз 12 кабаттуу үйдү куруп жатат. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын инспекторлору текшерүүнүн жүрүшүндө аныкташкан.
Иш чаранын алкагында курулуш ишканасынын көп кабаттуу батирди курууга тийиштүү уруксат кагаздарынын жоктугу аныкталган. Жеринде инспекторлор тарабынан курулушту жүргүзгөн жооптуу адамдарга административдик чара көрүлүп, уруксаат кагаздарын алганга чейин курулуш иштерин токтотушкан.
Тилекке каршы белгиленген мөөнөт ичинде Авангард Билдинг курулуш ишканасы Инспекциянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, курулуш иштери активдүү жүргүзүүдө. Маалыматта: “Бүгүнкү күндө аталган ишкана 12 кабаттуу турай-жайдын 4 кабатын сапаты белгисиз курулуш каражатта менен тургузуп салган.”, деп айтылат
Инспекторлордун айтымында курулушка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, анын сапатына, кулап кетпешине кепилдик жоктугун адистер кошумчалашат.