Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына жаңы дайындалган Алмаз Мамбетовдун жүрүм-туруму парламентте да айтылды. Депутат Исхак Масалиев премьер-министрдин кадр саясатын сынга алды. Ал: “сөгүнгөнү менен таанылган Балыкчынын экс-мэри Алмаз Мамбетовду Мамлекеттик каттоо кызматына кантип алып келдиңер?” – деп суроо салды.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Мамбетов Балыкчыда санариптештирүү, айрыкча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү элге жеткирүү боюнча ийгиликтүү иштеген.
“Биз азыр көрүп жатабыз, энергетикти койсок, энергетика өнүкпөй жатат. Мал чарбасына же айыл чарбасына аграрникти койсок, ал өнүкпөй жатат. Менеджерди алып келдик. Интернетте жүргөнү… эркек киши жанагындай болуптур… Мындан ары жанагыдай сөздөрдү азыраак колдон деп айттым”
Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп 19-апрелде дайындалган. Ал 2017-жылы Балыкчынын мурдагы башчысы Сатыбек Шамшудиновди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп жаткан аудио жазуу Интернетке тараган.