Азанчылардын жарышы кандай болот?

78

Эртең имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма- сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, таймашка жалпы өлкөдөн 27 азанчы катышат.

Алардын республикалык мелдешине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышаары күтүлүүдө. Мелдештин катышуучулардын жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо берилсе, калган байгелүү эки орунду ээлегендерге белектер берилет.

Эске салсак, азанчылардын мелдеши муфтият жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-мартында облустук тандоо туру өткөн. Сынакка жалпысынан 1000ге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алганы маалым болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь