“Уран кенин иштетүүдө «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 30млн. доллар короткондугу калп. Алар кичинекей техника жана офис алышкан. Аны өзүнүн чыгымына эсептеш керек.”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Ала-Тоо аянтындагы митингдин жүрүшүндө Eldik.Media порталына билдирди. Депутат компания менен биз соттошууга даяр болушубуз керек дейт.
Шыкмаматовдун айтымында, компания лицензияны алып жатканда инвестор экендигин айтпастан тымызын иш алып барган.
“ Алар жашыруун түн жамынып келип лицензияны эч кимге айтпай алышкан. Бул жакта компания өздөрү мыйзам бузууга дагы кызыктар болгон. Алар өздөрүнүн күнөөсү катары кабыл алыш керек”,- дейт депутат.
Уран кенин иштетүүнү токтотуп алган соң, лицензияны узарткандар кимдер экени аныкталыш керектигин айткан Шыкмаматов коомчулуктун талабы менен прокуратура органы иликтеш керектигин билдирди.
Бүгүн 26-апрелде Кыргызстан аймагында уран кенин казууга таптакыр тыюу салуу боюнча акция өттү.