Көчөнүн ортосуна Mercedes унаасы менен токтогон жаран каптын ичиндеги жыландарды сыртка коё берди. Бул окуя шаршемби күнү Бангкок шаарында болгон. Мындай маалыматты Риа новости жарыялады. Видеодо байкалгандай, жыландар боштондукка чыгаары менен ар тарапка соймолоп кетишкен. Жаранды милициялар окуя болгон жерден колго түшүрүштү, учурда ал камакта.