Россиялык ырчы Женя Отрадная “Дарак ыры” тасмасынан бир ырды орусчага которуп ырдап чыкты. Бул маалыматты Айбек Дайырбеков фейсбук баракчасына бөлүштү.
“Женя тасмадагы Бегимайдын үнүн орусчалаган. Бегимайдын образы ырчыга ушунчалык таасир берген экен, бир ырын ырдап чыгайынчы деп сураган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин, “Бегимайдын ырын” орусчага которуп, клип тартышты. Нурчолпондун варианты өзүнчө бир керемет эле, бул вариант дагы мага жакты. Романстарга окшоп, өзгөчө болуптур. Жакында ырчынын официалдуу каналынан жана телеканалдардан клипти толугу менен көрөбүз
Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин эч бир россиялык ырчы кыргыз ырларын которуп ырдаган эмес. Байкасаңар, комуздун үнү дагы калыптыр. Сыймыктануу менен композитор Жолдошбек Апасовду куттуктайм! Браво! Орусча текстин Константин Арсенев жазды. Анын жазган ырларын Г.Лепс, К.Орбакайте, А.Варум, В.Леонтьев, Л.Агутин, Т.Овсиенко, Ф.Киркоров, Н.Басков, Алсу, гр.Любэ, Иванушки Интернешнл жана башка көптөгөн ырчылар аткарып жүрүшөт.
Баса, кинонун ичиндеги дагы бир ырды башка россиялык ырчылар сурап жатышат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.”,-деп жазылат маалыматта
Необычная новость, друзья!С гордостью сообщаем:Российская певица Женя Отрадная, автор хита "Уходи, дверь закрой" спела кыргызскую песню из кинофильма "Песнь древа" (Дарак ыры). Она озвучивала роль Бегимай в фильме, и образ главной героини ее так вдохновил, что она захотела спеть песню из фильма. После недолгих переговоров "Песню Бегимай" перевели на русский язык. Потом в Москве продюсеры Жени сняли видеоклип. Получилось в стиле русских романсов. Мне очень понравилась версия Жени. Совсем скоро мы увидим саундтрек с видео-клипом целиком. Это первый случай в истории, когда российская певица перепела кыргызскую песню. И нас переполняет гордость, что это песня именно из нашего фильма! Поздравляю композитора Жолдошбека Апасова! Браво! Автором русского текста стал Константин Арсенев, поэт-песенник, автор многих популярных песен, чьи песни поют Г.Лепс, К.Орбакайте, А.Варум, В.Леонтьев, Л.Агутин, Т.Овсиенко, Ф.Киркоров, Н.Басков, Алсу, гр.Любэ, Иванушки Интернешнл и многие другие. Кстати, еще одну песню из фильма просят перепеть уже другие певцы, тоже из России. Сейчас идут переговоры.. . .. . .Достор, сонун жаңылык!Россиялык ырчы Женя Отрадная "Дарак ыры" тасмасынан бир ырды орусчага которуп ырдап чыкты. Женя Тасмадагы Бегимайдын үнүн орусчалаган. Бегимайдын образы ырчыга ушунчалык таасир берген экен, бир ырын ырдап чыгайынчы деп сураган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин, "Бегимайдын ырын" орусчага которуп, клип тартышты. Нурчолпондун варианты өзүнчө бир керемет эле, бул вариант дагы мага жакты. Романстарга окшоп, өзгөчө болуптур. Жакында ырчынын официалдуу каналынан жана телеканалдардан клипти толугу менен көрөбүз. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин эч бир россиялык ырчы кыргыз ырларын которуп ырдаган эмес. Байкасаңар, комуздун үнү дагы калыптыр. Сыймыктануу менен композитор Жолдошбек Апасовду куттуктайм! Браво! Орусча текстин Константин Арсенев жазды. Анын жазган ырларын Г.Лепс, К.Орбакайте, А.Варум, В.Леонтьев, Л.Агутин, Т.Овсиенко, Ф.Киркоров, Н.Басков, Алсу, гр.Любэ, Иванушки Интернешнл жана башка көптөгөн ырчылар аткарып жүрүшөт. Баса, кинонун ичиндеги дагы бир ырды башка россиялык ырчылар сурап жатышат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Опубликовано Айбеком Дайырбековым Четверг, 25 апреля 2019 г.