Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын II форумунун ачылышына катышты. Форумга 37 мамлекеттин башчылары жана премьер-министрлери катышууда.
Андан тышкары форумдун ишине 150 өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган жана 4 миңге жакын журналисттер аккредитациядан өтүшкөн. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумун расмий түрдө ачты.
Заманбап Жибек жолу катары айтылган “Бир алкак-бир жол” демилгеси Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы сунушталган. Бул демилге “Жибек жолунун экономикалык алкагы” жана “XXI кылымдын деңиз Жибек жолу” долбоорлорун камтыйт.
Айта кетсек, Жээнбеков «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышаары күтүлүүдө. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат