Кытайда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында Айсулуу алтын медаль тагынды. Ал Япониялык атаандашы Юкако Каваи менен беттешип 7:6 эсебинде жеңишке жетти.
Буга чейин Тыныбекова, 62 кг салмак категроиясында өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Андан кийин Тайландтын спортчу айымы Салин Срисомат менен беттешип финалга аттанган.