Ысык- Көлдө уран изилдеген компаниянын лицензиясы кайтарылды

348

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күнү кенди иштетүү жүргүзүлгөн эмес жана бардык иштер токтотулду, техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген.

«Учурда Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», – деди ал.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр активисттерге комиссиянын курамына кирип, анын ишине катышууну сунуштады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь