Бишкектин күнүнө карата майрамдык программма жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, шаардын 141 жылдыгына арналган салтанат, 29-апрелде, “Ала-тоо” аянтында, саат 19:00до башталат.
Кеченин негизги коноктору Россиялык ырчы Согдиана жана Өзбекстандык топ “Ялла” катышат. Андан тышкары “Инсан” тобу, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана башка ырчылар коштогон чакан концерт уюштурулат. Майрамдык салтанаттын аягы 6 мүнөттүк фейерверк менен жыйынтыкталат.