Президент Сооронбай Жээнбеков кече,27-апрелде Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты.
Кытайга болгон жумушчу визитинин алкагында Президент ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташууга кызыкдар болгон кытайлык бир катар компания жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Кытай Коомдук илимдер академиясынын тарыхый изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Тянь Бо менен жолугушуп, Кыргызстандын тарыхы боюнча архивдик материалдарды биргеликте изилдөө маселесин талкуулашты.
Пекин шаарына жумушчу визиттин биринчи күнүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумуна келген делегация башчылары менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюандын кабыл алуусунда болду